Жаңылыктар

Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу ооруканага жаткырылды

Бишкекте Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, аласалып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 00:40 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы А.уулу А. аттуу тургуну Масалиев көчөсү (Түштүк магистраль) менен батыш тарапка бара жатып, “Ынтымак” паркынын тушунан унаасынын рулуна ээ боло албай калып, жол боюндагы бордюрду сүзүп, аласалып кеткен. Айдоочу ооруканага жаткырылган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *