Ноокат районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 103 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Төөлөс, Көк-Бел жана Гулистан айыл аймактарынын кезектеги 103 жаранынын жашап жаткан турак жайлары мамлекеттик каттоого алынып, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, мамлекеттик актылары берилди. Документтерди президенттин Ош …
