Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдар тууралуу чуулгандуу мыйзам долбоору каралат

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт, баяндамачы негизги демилгечи – Надира Нарматова.

Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөдөн каржы алып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик өкүл” статусуна ээ болуп, атайын реестрге киргизилет. «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салган» аймактык тескөөчүлөрдү түзгөндүгү үчүн айып пул жана он жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жазасы киргизилүүдө.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *