Нурбек Тотонов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Тотонов “Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Кыргыз фондулук биржасынан билдиришкендей, Тотонов Нурбек Темирбекович “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 26-июнундагы чечими менен дайындалды.

Текебаев Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жерине жумушчу сапары менен барды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жерине жумушчу сапары менен барды. Элчиликтен билдиришкендей, элчи Рейн-Вестфалия федералдык жерине Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен Германияда аккредиттелген дипломатиялык корпус менен биргеликте барды. Иш-чаранын алкагында дипломатиялык корпустун өкүлдөрү энергетика тармагы үчүн жабдууларды чыгарган “Siemens Energy” компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты, ошондой эле өнөр жай архитектурасынын эталону …

Кызы, уулу, тегин… Кыргыздардын толук аттарынын формуласына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда

Бүгүн кыргыз ысымдарына арналган тегерек стол өттү. Анда медиаэксперттер, юристтер, саясат талдоочулар жана активисттер катышып, кыргыздардын толук аттарынын формуласына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу талкууланды. Улуттук идентификациалоонун маанилүүгү тууралуу сөз кылган медиаэксперт Азамат Тынаев кыргыз жарандарынын фамилиябыздагы «ов», «ова» деген кошумчалардын ордуна «кызы», «уулу», «тегин» деп алмаштыруу же жөн гана атасынын, чоң атасынын аты менен өзүнүн гана …

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты. Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Аянты 4 миң гектарды түзөт. Тыштан келген инверсторлор …

Дыйкан-фермерлерге берилген насыя 3 млрд сомдон ашты

 Үстүбүздөгү жылдын 29-июнуна карата «Айыл чарбасын каржылоо — 11» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 млрд 96 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө. «2023-жылдын 29-июнуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 6 миң 886 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 …

Батирден 40 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Кара-Балтада 40 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Балта шаарынын Киргизия көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилген эшигин ачканда, ичинен 40 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Асман шаарынын курулушуна старт берүү. Миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздоодо

Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда Асман эко-шаарынын курууга капсула салуу аземинде милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан миңден ашык милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар …

Баткенде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоор ишке ашырылат

Баткен облусунда климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Мындай мүмкүнчүлүк президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров баштаган топтун KOICA уюмунун климат департаментинин директору Жихи Ким жана ПРООНдун Кыргызстандагы кеңсесинин экология, климаттын өзгөрүүсү жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаевалар жетектеген делегация менен болгон жолугушуусунда талкууланды. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда …

1-июлдан тартып суюлтулган көмүрсуутек газына салыктын ставкасы тоннасына 3 миң сомду түзөт

Мунай заттарды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 — 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын эскертишти. Демек, көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүрсуутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек.

Бишкекте унаа сүзүп, каза болгон адам кинорежиссер Михаил Дудников болгон

Бишкекте унаа сүзүп кетип каза болгон жаран кинорежиссер Михаил Дудников болгон. Бул тууралуу медиаэксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, кинорежиссер Михаил Дудников «Взлет Калии Токтогуловой», «Урок на завтра», «Пришелец», «Кому сеять завтра?», «Экскурсия» жана башка даректүү тасмалары менен кино сүйүүчүлөрдүн эсинде калды. «Өзүнүн кинематографиялык ишинде ал ар дайым бир нерсени ойлоп таап, …