Жаңылыктар

Бишкекте унаа сүзүп, каза болгон адам кинорежиссер Михаил Дудников болгон

Бишкекте унаа сүзүп кетип каза болгон жаран кинорежиссер Михаил Дудников болгон. Бул тууралуу медиаэксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кинорежиссер Михаил Дудников «Взлет Калии Токтогуловой», «Урок на завтра», «Пришелец», «Кому сеять завтра?», «Экскурсия» жана башка даректүү тасмалары менен кино сүйүүчүлөрдүн эсинде калды.

«Өзүнүн кинематографиялык ишинде ал ар дайым бир нерсени ойлоп таап, өзүн көрсөтүүнүн жаңы формаларын издеп жүрчү. Анын эл жана жаратылыш менен диалогдо өзүнүн ачык жарандык позициясы бар болчу», — деп жазган Баялинова.

Сүрөттө Михаил Иванович Дудников оң жактагы колунда микрофон кармаганы

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *