4-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 …

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

 Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 4-6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо …

Керектүү шаймандар жана сыйлыктар берилет. «Тазалык» ишканасы ыктыярчыларды чакырат

“Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчыларды чакырат. Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди. Анын айтуусуна караганда, шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушу эске алынып, атайын жаңы программа ачылды — Ыктыярчылык. «Ар бир район боюнча өзүнчө топторду түзөбүз. Алар «Тазалыктын» техникалык картасына кирбеген жерлерди тазалайт. Биз бардык керектүү болгон шаймандарды, керек болсо кээде сыйлыктарды да бергенге даярбыз», — …

Өлкө аймагына унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Бажычылар өлкө аймагына унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныктады. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, мурда колдонулган унаа тетиктери Литвадан унаа менен ташылып келген. Унаага карата бажы операциялары жүргүзүлгөн. Бирок, унаа тетиктери бажы органына өз убагында көрсөтүлбөй, тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 207 миң 928 сомду түзгөн. Факты КБР МКЖ АДСке катталып, …

Нарында жолчулар унаа менен камсыз болду

Нарын жол тейлөө башкармалыгына Howo үлгүсүндөгү 9 даана унаа тапшырылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, унаалар Транспорт министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилди. Облус башчысы Алтынбек Эргешов башкармалыктын жетекчилигине облустагы жасалып жаткан жолдордун сапатына көнүл бурууну тапшырды.

Азербайжандагы эл аралык мелдешке катышкан жаш куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти

Азербайжанда өткөн “Жаш куткаруучу” эл аралык балдардын мелдешине катышкан курама команда Кыргызстанга кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Өлкөнүн атын татыктуу коргоп, сыймык жараткан уул-кыздарыбызды “Манас” аба майданында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана балдардын ата-энелери чогулуп, өзгөчө шаң менен тозуп алышты. Эске сала кетсек, Азербайжандын Габала шаарында өткөн «Жаш куткаруучу» балдардын эл аралык …

Жалал-Абад шаарында медреселердин иши текшерилди

Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, санэпидкөзөмөл борборунун, өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Алар медреселерге, мечиттерге коюлган талаптардын аткарылышын кароодон өткөрүштү. Алардын айрымдарында көп санда балдардын окутулуп жаткандыгы аныкталып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилди. Алдыда шаардагы мечит, …

Бишкектик спортчулар Ташкентте өткөн эл аралык жарышка катышты

 Бишкектик спортчулар эл аралык «Yangi Nafas» массалык жарышына катышты. Спорттук иш-чара Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөндүгүн муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чара Борбор Азиянын жеңил атлетика федерациясы Өзбекстан Республикасынын Жеңил атлетика федерациясы менен биргеликте уюштурулган. Ал 30-июнда белгиленүүчү Жаштар күнүн майрамдоого карата өткөрүлдү. «Yangi Nafas» эл аралык массалык жарышы өлкөнүн бардык булуң-бурчунан катышуучуларды жана коңшу мамлекеттерден …

Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын 3-6-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидромет борбору билдирет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз кезегинде сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.

Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган

Кыргызстанда 24нөн 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, алардын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 197; мас абалында рулга отуруу — 197; автунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 972; транспорт …