Жаңылыктар

4-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл, Нарын облустарында +23…+28 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +33…+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *