“Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчыларды чакырат. Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушу эске алынып, атайын жаңы программа ачылды — Ыктыярчылык.
«Ар бир район боюнча өзүнчө топторду түзөбүз. Алар «Тазалыктын» техникалык картасына кирбеген жерлерди тазалайт. Биз бардык керектүү болгон шаймандарды, керек болсо кээде сыйлыктарды да бергенге даярбыз», — деди ишкананын башчысы Рамиз Алиев.
Эгерде ыктыярчы болууну кааласаңыз «Тазалык» ишканасынын инстаграмдагы баракчасына жеке кат аркылуу (direct) аты-жөнүңүздү жана байланыш номериңизди жөнөтүп коюу гана жетиштүү болот.