2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелери 3,2 пайызга өстү, деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылы 637,1 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү. Муну менен катар 2022-жылы калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү республика боюнча 559,2 млрд. сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу …
