Жаңылыктар

Түркияда жоголгон Жазгүл Кыргызстанга келди

Түркиянын Стамбул шаарында жоголуп кеткен 20 жаштагы Жазгүл Шамуратова Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматка караганда Шамуратова 5-июль түнү апасы менен бирге Стамбул-Бишкек «Пегасус» аба каттамы менен Кыргыз Республикасына кайтып келген.

Эскерте кетсек, буга чейин Жазгүл Шамуратова Түркияда дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал Болгарияга кетүү үчүн Кыргызстандан Стамбулга 22-июнда учуп барып, 25-июнда бери дайынсыз болуп жаткан. Эки аптадан бери дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык  кыз 3-июлда  аман-эсен табылган.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *