Жаңылыктар

Кыргыз-казак чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү май саткан ири кампа аныкталды

Чүй облусунда аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу майларды сатуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 4-июлда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу майларды саткан ири кампа табылды. Ал жер тиешелүү уруксат кагаздары жана мамлекеттик органдарда каттоо документтери жок май куюучу жай катары жабдылганы аныкталды.

Учурда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте аныкталган фактыларды документтештирүү, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *