Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук жана жаштар курама командаларынын оюнчулары үчүн жайкы лагердин иши аяктады.
Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, бул лагердин өзгөчөлүгү — оюн позициялары боюнча оюнчулар менен жекече иштөө болгон, бардык машыгуулар оюнчулардын жеке чеберчилигин жогорулатууга багытталган.
Лагердин жетекчиси жана футзалды өнүктүрүү боюнча КФСтин техникалык директору Амиржан Муканов лагерь тууралуу: «Жайкы лагердеги машыгуулар абдан жакшы өттү деп ойлойм. Оюнчулар менен машыктыруучулардын ортосунда пайдалуу жана чыгармачыл процесс болду. Машыгуулардын жүрүшүндө тууралоолорду киргиздик , көптөгөн жаш оюнчулар өз позицияларында кээ бир элементтерди аткарууну үйрөнүштү.
Албетте, биринчи машыгууга салыштырмалуу, балдардын чеберчилиги жакшыргандыгы байкалды. Азыр биз жана оюнчулар эмненин үстүндө иштөө керек экендигин жакшы билебиз».