Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, анын ичинде 34 мектепте тамак-аш камтылган. Муниципалитеттен белгилешкендей, лагерлер 5-июндан 30-июнга чейин иштейт. Мектеп лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иш алып барып, 4 миң 300гө жакын окуучуну камтыйт. Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп, эс …
