Жаңылыктар

Жалал-Абадда Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты курулууда

 Жалал-Абад шаарында облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун 3 кабаттуу имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган борбордун жаңы имараты 96 орунга ылайыкташып, бардык шарттары менен курулуп, ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, аталган оорукананын курулушуна 264 млн сом акча каражаты сарпталууда. Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланып жатат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *