2009-жылдагы эл каттоодон кийин 13 жылда Кыргызстандын калкы 1 млн 573 миң 4 адамга көбөйдү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин аппарат жетекчиси Элмира Алымкулова билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдагы эл каттоодон кийин Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 936 миң 165 адамды түздү. Ал белгилегендей, анын 65%ы айыл жерлеринде, ал эми 35%ы …
