Жаңылыктар

«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында дээрлик 3,1 млрд сом насыя берилди

30-июнга карата «Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 3 млрд 96 млн 628 миң сомго 6 миң 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Анын ичинен: Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789 млн 161 миң сомго 1 миң 886 насыя берилди, анын ичинен “Айыл Банк” ААК 461 млн 1 миң сомго 1 миң …

Жаңылыктар

Ташкенттен Ысык-Көлгө авиакаттам ачуу пландалууда

 Өзбекстандын Centrum Air авиакомпаниясы 2023-жылдын 14-июлунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча түз авиакаттамды ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропорту кабарлагандай, каттамдар жумасына 1 жолу — жума күндөрү аткарылат. Өлкөнүн башкы аба майданы аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Жаңылыктар

Көптөгөн иш-чараларда сахнаны көркөм жасалгалаган Макен Сыдыкбаевге жазылган некролог

Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев дүйнөдөн кайтты. Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында туулган. 1958-жылы С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, ал эми 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик …

Жаңылыктар

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабына катышкан ID-номерлер жокко чыгарылды

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын катышуучулары тарабынан 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Лотереянын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 2-июлунан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды. Экинчи турга 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат. Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү утуштун экинчи …

Жаңылыктар

4-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 …

Жаңылыктар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

 Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 4-6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо …

Жаңылыктар

Керектүү шаймандар жана сыйлыктар берилет. «Тазалык» ишканасы ыктыярчыларды чакырат

“Тазалык” муниципалдык ишканасы ыктыярчыларды чакырат. Бул тууралуу ишкананын директору Рамиз Алиев билдирди. Анын айтуусуна караганда, шаардын тазалыгына кайдыгер карабаган тургундардын сунушу эске алынып, атайын жаңы программа ачылды — Ыктыярчылык. «Ар бир район боюнча өзүнчө топторду түзөбүз. Алар «Тазалыктын» техникалык картасына кирбеген жерлерди тазалайт. Биз бардык керектүү болгон шаймандарды, керек болсо кээде сыйлыктарды да бергенге даярбыз», — …

Жаңылыктар

Өлкө аймагына унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды

Бажычылар өлкө аймагына унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныктады. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, мурда колдонулган унаа тетиктери Литвадан унаа менен ташылып келген. Унаага карата бажы операциялары жүргүзүлгөн. Бирок, унаа тетиктери бажы органына өз убагында көрсөтүлбөй, тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 207 миң 928 сомду түзгөн. Факты КБР МКЖ АДСке катталып, …

Жаңылыктар

Нарында жолчулар унаа менен камсыз болду

Нарын жол тейлөө башкармалыгына Howo үлгүсүндөгү 9 даана унаа тапшырылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, унаалар Транспорт министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан берилди. Облус башчысы Алтынбек Эргешов башкармалыктын жетекчилигине облустагы жасалып жаткан жолдордун сапатына көнүл бурууну тапшырды.

Жаңылыктар

Азербайжандагы эл аралык мелдешке катышкан жаш куткаруучулар Кыргызстанга кайтып келишти

Азербайжанда өткөн “Жаш куткаруучу” эл аралык балдардын мелдешине катышкан курама команда Кыргызстанга кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Өлкөнүн атын татыктуу коргоп, сыймык жараткан уул-кыздарыбызды “Манас” аба майданында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана балдардын ата-энелери чогулуп, өзгөчө шаң менен тозуп алышты. Эске сала кетсек, Азербайжандын Габала шаарында өткөн «Жаш куткаруучу» балдардын эл аралык …