Жаңылыктар

Бишкекте эртең темир жол өтмөгү убактылуу жабылат

Бишкекте эртең темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эртең, 9-июнда саат 08:00дөн 17:00гө чейин оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин Мурманская көчөсүндө жайгашкан кайтарылган темир жол өтмөгү жабылат.

Буга байланыштуу Садыгалиев, Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрү менен айланып өтүүгө болот.

Иш-чара Милициянын кайгуул кызматы менен макулдашылды.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *