Жаңылыктар

Бишкектен Махачкалага авиакаттамдар жанданат

Ушул жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиа компаниясы Махачкала-Бишкек-Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда.

«Манас» аэропортунан билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу — ишемби күндөрү аткарылат.

Эске салсак, Red Wings Airlines аталган багыт боюнча жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү каттамдарды аткарат.

«Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *