Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин менен жолугушуу аземи башталды. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ,мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип,Ардак кароол тизилип ,килемдер төшөлдү.Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Катар менен Кыргызстандын гимни жаңырды.Эки өлкөнүн лидерлери Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алып , катарды айланып өтүштү.
Андан соң Садыр Жапаров менен Тамим бин Хамад Аль Танинин делегациялары менен тааныштырышып,Ардак кароолдун аскер кызматчылары менен башчыларынын алдынан өтүштү.