Ак-Суу районунун Октябрь айыл аймагынын Маман айылында «KOICA» долбоору менен «Маман Органик» айыл чарба кооперативи дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушун баштады. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Чон Чжэ, Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
«Маман Органик” айыл чарба коммерциялык кооперативи 2021-жылдын февраль айында «KOICA» долбоорунун алкагында түзүлгөн.
Кооператив «КOICA» долбоору менен тыгыз иш алып барып, айыл чарба техникаларын алып берүү жана дары-дармек чөптөрүн кургатуучу цех куруп берүү боюнча долбоор жазылып, сунушталган долбоорлор КОICА тарабынан жактырылып, колдоо таап ишке ашууда.
«КOICA» тарабынан долбоордо көрсөтүлгөн 2 даана трактор жер айдоочу сокосу менен 2022-жылы апрель-май айларында кооперативге сатып алынып берилген.
2021-жылдын декабрында долбоордун алкагында кооперативке бир даана «Портер» автоунаасы алып берилген.
Ошондой эле долбоордо көрсөтүлгөн дары-дармек чөптөрдү кургатуучу заманбап кургатуучу цехти 2023-жылдын июнь айынан баштап куруп берүү иштери башталды.
Цехти куруу үчүн «КOICA» тарабынан тендер өткөрүлүп, “Прогресс Строй” куруу компаниясы утуп, куруу иштерин баштоодо. Цехти куруу иштери ушул жылдын отябрында аяктайт.