Жаңылыктар

ӨКМ: Сууга чөккөн эки наристени издөө иштери уланууда

Сууга чөккөн эки наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Аламүдүн капчыгайындагы эс алуу жайында С. кызы К. аттуу 1 жашар кыз Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.

Кечээ, 23-июлда кызды издөө иштерин улантуу максатында 20 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-июлда издөө-иштери улантылат.

Ошондой эле 19-июлда Москва районунун Кош-Дөбө айылында Чоң Чүй каналына 7 жашар К.А. аттуу бала түшүп кеткен.

23-июлда издөө иштерин улантуу максатында 5 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-июлда издөө-иштери улантылат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *