Жаңылыктар

Маевканын тургундары таштанды калдыктарын Ала-Арча суу сактагычына төгүп жүргөн

Маевкада мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөр аныкталды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, аталган канализациялык түтүктөр аркылуу таштанды калдыктары Ала-Арча суу сактагычына куюлуп турган.

Белгиленгендей, күн мурун, 5-июлда Аламүдүн районунун Маевка айылында Жаратылыш ресурстар министрлигинин инспекторлору мыйзамсыз орнотулган канализацияларды аныктоо боюнча рейд өткөрүп, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренажга агып Ала-Арча суу сактагычына куюлуп жаткандыгын аныкташкан.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга айып салынды.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *