Жаңылыктар

Курал-жарак дүкөнүнө кол салууга айыпталган Өзбекстандын жараны 15 жылга соттолду

6-июнда Чымкент соту Өзбекстандын жараны Еркинжон Исмоиловду 15 жылга эркинен ажыратты. Ал «Адам өлтүрүү», «Мыйзамсыз курал сактоо» жана «Коркутуп курал-жаракты тартып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сотто 50 жаштагы Исмоилов жабырлануучулардан кечирим сурап, күнөөсүн толук мойнуна аларын билдирди.

Прокурордун версиясына ылайык, Исмоилов шериктери менен бирге аңчылык куралга жана анын ок-дарыларына мыйзамсыз ээлик кылып, аларды өздөрү жашап жаткан батирге катып коюшкан. 20-февралда Исмоилов ал курал менен «Арсенал» курал-жарак дүкөнүнө барып, сатуучусун коркутуп, «Сайга» куралын тартып алган.

Ошол маалда дүкөнгө эки күзөтчү келип калып, алардын ортосунда атышуу болгон. Анда күзөтчүлөрдүн бири колунан жаракат алганы кабарланган. Башкы көзөмөл органынан анын «адам өлтүрүү ою ишке ашпай калганын» билдиришкен.

Прокурор соттон айыпталуучуну 16 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Исмоилов Чымкент шаарына Өзбекстандын Наманган облусунан барып, наабайканада иштеп жүргөн. Анын айтымында, мекенинде эки уулу калган. Үй-бүлөсү анын кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын билбейт.

Азырынча сот өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек. Айыпталуучу тарап ал боюнча кийинки бачкычтагы сотко апелляциялык арыз берсе болот.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *