Жаңылыктар

Чагылган түшсө эмне кылуу керек? ӨКМдин кеңеши

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чагылгандан сактануунун жолдорун эскертти.

Мекеменин билдиришинче, чагылган түшкөн учурда тез арада сактык чараларын көрүү керек.

Күн күркүрөп, чагылган түшсө:

— эгерде сиз айылда болсоңуз: терезелерди, эшиктерди, морлорду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз. Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат. Телефон менен сүйлөшпөңүз, электр мамычалардын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;

— чагылган түшкөндө электр зымдарына, антенналарга жакындабаңыз, терезенин жанында турбаңыз, чагылган түшчү белгилер пайда болсо, телевизорду, радиону жана башка электр приборлорун тез арада өчүрүңүз;

— эгерде сиз токойдо болсоңуз, анда токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болуңуз дурус;

— суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз;

— талаада же баш калкалоочу жай жок болсо, бүт денеңизге электр тогун тийгизип, жерге жатпаңыз, ал эми ойдуңда, сайда же башка табигый ойдуңда бутуңарды кучактап чөгөлөп отургула;

— эгер спорт менен машыгып жатканда чагылган башталса, дароо токтотуңуз. Металл буюмдарды, мотоцикл, велосипед, муз кесүүчү буюмдарды четке коюп, алардан 20-30 м алыстыкка жылыңыз;

— автоунаада отурганда күн күркүрөсө, аны таштап кетпеңиз, терезелерди жаап, радиоантеннаны түшүрүңүз.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *