Жаңылыктар

Бишкекте маршрутканын айдоочусу эс-учун жоготуп, мамыны сүзгөн. Жети адам жабыркады

Бүгүн Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 маршрутканын айдоочусу мамыны сүзгөн.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон.

Маршрутка жолдон чыгып кетип, мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *