Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4 айда 3,9 млрд долларды түздү

 Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-апрель айларында 3,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 25,5 пайызга көптүк кылат, мында экспорттук жеткирүүлөр 18,9 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 26,8 пайызга көбөйгөн. Ал эми 2023-жылдын январь-апрель айларындагы ЕАЭБге мүчө …

12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым …

Эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаеванын эстелиги тургузулду

«Ала-Арча» көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаеванын эстелиги тургузулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев баштаган бир катар өнөр адамдары катышты. Кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына …

«Манас» аэропортунда Сеулдан биринчи каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

Күн мурун, 11-июнда «Манас» эл аралык аэропортуна Кореянын T’Way Airlines авиакомпаниясынын Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча биринчи учагы келип конду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет. Эми мындан ары жүргүнчүлөр Түштүк Кореянын борбору Сеулга Бишкек шаарынан түз уча алышат. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөт. Бишкектен Сеулга 6 саат убакытты талап кылат. Сеулга …

2023-жылы Ветеринария кызматына 553 млн сом каралган

2023-жылга бюджетте Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 553,1 млн сом каралган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул сумманын 548,1 млн сому бюджеттик каражаттар. Алар: — эпизоотияга каршы иш-чараларга — 86,9 млн сом; — ветеринардык диагностикага — 138,6 млн сом; — жаныбарларды идентификациялоого — 30 млн сом. 2023-жылдын 31-майына карата каралган каражаттын эсебинен 315,8 млн сом каржыланды

Уулануунун алдын алуу. Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

 Жалал-Абад шаарынын аймагындагы коомдук тамактануучу жайлар, тез татым жайлары, чачкынды соода жайларында сатылып жаткан тамак-аштар текшерүүгө алынды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, текшерүү жайкы мезгилде массалык уулануулардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү. Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Текшерүүнүнүн жүрүшүндө шаардагы бир катар …

Кыргызстанда жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 165 млрд сомду түздү

2023-жылдын январь-майында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 165 миллиардов сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү. Бул текстиль өндүрүшүндөгү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (29,2 пайызга), фармацевтикалык (25,7 пайызга) жана химиялык продукцияларды (21,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын …

Казакстанда токой өртүнөн 14 адам каза болду

Казакстанда токой өртүнөн 14 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты. Ага ылайык, Казакстандын Абай облусундагы токой өртү бейшемби күнү чагылгандан кийин башталган. Өрттөн «Семей Орманы» коругунун 14 жумушчусу каза болду. Акыркы маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 60 миң гектардан ашты. Өрттү өчүрүүгө 300 техника, 1500гө жакын адам жана 11 тик учак тартылган. …

Ак-Суу районунун Чолпон айылында заманбап шарттары менен ФАП ачылды

Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында бардык шарттары менен фельшердик-акушердик пунк ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ФАПтын курулушу 2022-жылдын апрель айында башталган жана курулуштун жалпы наркы 4 млн сомду түздү. «Курулуш иштери Кувейт мамлекетинин Smart Generation коомдук фондунун жана Каракол айыл өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен бүткөрүлдү. Заманбап шарты бар ФАП керектүү жабдуулар …

Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз тараптын демилгеси менен ички иштер министри Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Али Ерликая менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн башында Ниязбеков Али Ерликаяны Түркиянын ички иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады. “Бул дайындоо сиздин мурда иштеген кызматтарда жасаган ак эмгегиңиз, жараткан ийгиликтериңиз өлкө жетекчилиги тарабынан жогору …