Жаңылыктар

12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 12-июнга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл облусунда +27…+32, Нарын облусунда +28…+33 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +31…+33 градус болушу күтүлүүдө.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *