Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду

 Мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн ишкерлер салыктан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти. МСК мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн жеке ишкерлерге салык салуу тартибин түшүндүрөт. Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкер катары иш жүргүзгөн жеке жактар турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө укуктуу экендиги белгиленген. Мектепке чейинки …

Альберт Колопов акыйкатчынын орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Альберт Колоповду КР акыйкатчысынын орун басарлыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселени карашты. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талкуунун жыйынтыгында депутаттар Альберт Колоповду омбудсмендин орун басары кызматынан бошотушту. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Бангладештиктер Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан

 Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-июнунда УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын «Кум» чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан Республикасы тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан …

Бишкекте түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин башын бириктирген гала-концерт өттү

 Бишкекте түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин башын бириктирген “Биз биргебиз” аталышындагы гала-концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маданий иш-чара күн мурун, 13-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн. Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙ эл аралык …

Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайга иш сапары менен барышты

. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттар тобу Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бир катар объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Саясий партиялардын Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган парламент депутаттары Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев жана …

Бүгүндөн баштап Октябрь районун “Тазалык” ишканасы тейлейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы бүгүн, 14-июндан баштап Октябрь районундагы катуу тиричилик таштандыларын чыгарат. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган районду буга чейин «БишкекВторРесурс» ЖЧКсы тейлеп келген. Бирок, шаардыктар тарабынан көптөгөн даттануулар түшкөндүгүнө байланыштуу компания менен келишим токтотулган. 1-июнда акимчилик «БишкекВторРесурс» ЖЧКсына келишимди бир тараптуу бузуу тууралуу билдирүү жөнөткөн. «Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда катуу таштандыларды чыгаруу боюнча шаардыктар …

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

 14-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09.00дөн 20.00гө чейин Сельский суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу Тунгуч кичирайону, Рухий Мурас, 44 Га конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү …

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

2023-жылдын майында Беларусь Республикасын жана Арменияны кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди. Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,9 пайызга) азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (2,3 пайызга) өсүшү менен шартталды. 2023-жылдын майында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (4,8 пайыз) Казакстанда катталды, мында азык-түлүктөрдүн …

Жогорку Кеңеш Депутаттык этика кодексин өркүндөтүүнү пландоодо

Бишкекте Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан түзүлгөн депутаттык этика кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Парламенттен билдиришкендей, жыйында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова аталган …

Быйыл январь-май айларында жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде: Теңдештирүү трансферттер боюнча 1,3 млрд сом каржыланды; Максаттуу трансферттер боюнча — 2,7 млрд сом бөлүндү. Анын ичинен: бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн …