Жаңылыктар

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

2023-жылдын майында Беларусь Республикасын жана Арменияны кошпогондо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстандагы баалардын өсүшү (0,9 пайызга) азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын (2,3 пайызга) өсүшү менен шартталды.

2023-жылдын майында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (4,8 пайыз) Казакстанда катталды, мында азык-түлүктөрдүн баалары эң көп (5,6 пайызга) өскөн. Ошол эле убакта азык-түлүк эмес товарлардын (4,9 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларынын максималдуу өсүшү (5,2 пайызга) Кыргызстанда катталды

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *