Жаңылыктар

Бишкекте түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин башын бириктирген гала-концерт өттү

 Бишкекте түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин башын бириктирген “Биз биргебиз” аталышындагы гала-концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданий иш-чара күн мурун, 13-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн. Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Иш-чараны маданият министри ачып, ТҮРКСОЙ уюмунун кыргыз маданиятындагы орду жана ролу тууралуу кыска баяндама жасап, 30 жылдык тарыхы бар уюм түрк дүйнөсүнүн улуттук маданиятынын мыкты үлгүлөрүн таанытуу аракетин көрүп жаткан иш аракеттери мактоого арзый турганын баса белгиледи.

Андан соң сөз мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго берилип, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн окуду.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *