Ош: 225-кварталда жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Дээрлик 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында шаардын муниципалдык кызматтары тарабынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү. Социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен …

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командалары Венгрияда эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Будапешт шаарында (Венгрия) өтө турган “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 13-16-июль күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: Кыз-келиндер күрөшү боюнча: — Айсулуу Тыныбекова 62 кг ЭДСЧ; — Айпери Медет кызы 76 кг ЭДСЧ; …

Жээнбек Кулубаев БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберленди миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жээнбек Кулубаев Луиз Чемберлен туруктуу өкүл катары Кыргызстандын БУУӨП менен өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө салым кошконун, туруктуу өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн …

Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянынпрезиденти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Тараптар Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы …

6-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 6-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым …

Жалал-Абадда “Чач” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-июлунда аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Ал КР ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп …

Бишкектин Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери аяктоодо

Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөнүн Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальтбетон аралашмасынын экинчи катмары төшөлүп жатат. “Жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери чийилгенден соң унаа жолу ачылып, тротуарды оңдоо улантылат”, — деп белгилешти мэриядан.

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургдагы эл аралык театр фестивалында мыкты болду

Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Екатеринбургда заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады. Фестивалдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды: — Аялдын мыкты ролу — Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова, …

Салык кызматы 190 үй тибиндеги бала бакчанын ээлерине ишкердик негиздерин үйрөттү

Мамлекеттик салык кызматы бир ай бою турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөткөн 190 жаранга ишкердик негиздерин үйрөттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирет. Бул иш-чаралар «Мамлекеттик акселераторлор» долбоорунун алкагында уюштурулуп, калктын салыктык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Семинарлардын жүрүшүндө салык кызматкерлери башка мамлекеттик органдар менен биргеликте катышуучуларды жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо процесси …

Бишкекте энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында инвесторлорго шарт түзүү маселеси талкууланды

 Энергетика министрлигинде энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер менен жолугушуу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга 70тен ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча алектенген жеке ишкерлер менен суроо-жооп форматында уюштурулду. Жыйындын негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, инвесторлор менен иш алып баруу учурунда жаралган айрым маселелерди …