Кыргызстандык эки актриса Екатеринбургда өткөн эл аралык театр фестивалында мыкты болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Екатеринбургда заманбап драматургиянын «Коляда-Plays» эл аралык театр фестивалы аяктады.
Фестивалдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан эки таланттуу актрисалар мыкты деп табылды:
— Аялдын мыкты ролу — Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова, Николай Коляданын пьесасы боюнча «Экөө» (Старая зайчиха) спектакли, режиссеру У. Карыпбаев. Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры;
— Экинчи пландагы эң мыкты актриса — Марина Фальман, Николай Коляданын пьесасы боюнча «Баба Шанель» спектакли, режиссеру Вячеслав Виттих, Ч. Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры.
Белгилей кетсек, фестиваль 20-30-июнь күндөрү Екатеринбургдагы сегиз театралдык аянтчада өткөн. Ага жалпысынан 70 арыз берилип, афишага Урал раматургдарынын пьесалары боюнча коюлган 30 спектакль киргизилген.