Кыргызгидромет борбору 6-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +26…+31, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын обьлусунда +21…+26 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +28…+30 градуска жетиши күтүлөт