Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөрдө жарнама аркылуу акча тапкандарды кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Быйыл сентябрь айында күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, соцтүйүндөрдө жалган маалымат тараткандарга административдик айып пул салуу жана инфлюенсерлерди расмий эсеп-кысап жүргүзүүгө милдеттендирүү да каралган. Жалган маалымат таратууга күнөөлүү деп табылган …
