Жаңылыктар

Кыргызстанда Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту пайда болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө токтомго кол койду.

Документке ылайык, “Алдын алуучу медицина” илимий-өндүрүштүк бирикмеси Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту болуп кайра аталды.

Мындай чечим президенттин жарлыгына ылайык, ошондой эле аймактын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык медицина чөйрөсүндө илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Ошондой эле Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы бекитилди.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *