Аксыда бир тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун аймагында бир гектар жерде өскөн жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБдин милиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте бир тоннага жакын кара куурайды өрттөшкөн.

Соцфонд Түркия менен пенсия боюнча келишимдин аткарылышы тууралуу маалымат берди

Эки тараптуу келишим күчүнө киргенден бери түрк тарап Түркияда жашаган кыргызстандыктардын иш стажы тууралуу Кыргызстанга 162 суроо-талап жөнөткөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Ведомтсводон белгилешкендей, учурда 158 суроо-талап иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди. Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. Ал эки …

Кыргызстанда вирустук гепатит менен күрөшүү боюнча эл аралык симпозиум өтүүдө

Кыргызстанда вирустук гепатит менен күрөшүү боюнча эл аралык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Симпозиум адистерге тажрыйба алмашууга жана билимдери менен бөлүшүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүп, бул чөйрөдөгү алдыңкы эксперттерди жана адистерди чогултту. Талкуунун жүрүшүндө В жана С гепатиттерин диагностикалоо, дарылоо жана алдын алууга, ошондой эле бул оорулардын таралышын азайтуунун эффективдүү стратегияларына өзгөчө …

Өзгөндө 225 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Ош облусунун Өзгөн районунун Токтогул айылындагы Д.Шопоков атындагы 225 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуш маалымдайт. Ведомстводон билдиришкендей, президенттин тапшырмасына ылайык, Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов Ош облусунунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулушун мониторинг жүргүзүүдө. Жыпаркулов биринчи болуп Өзгөн районунун Токтогул айылындагы 225 орундуу Шопоков атындагы орто мектептин курулушун текшерип, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү милдетин …

Маданият министрлиги: “Азаттык Медиасынын” айланасындагы соттук териштирүүлөр токтоду

“Азаттык Медиа” сайты чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрдү, соттук териштирөөлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт. «“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан …

Бишкектин Ленин округунан Жогорку Кеңешке депутатты кайра шайлоонун күнү белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутатына №26 Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бүгүн Боршайкомдун жыйынында уюштуруу маселеси каралды. Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

“Энелердин көз жашы” аттуу мемориалдык комплекси кийинки муунга унутулгус сабак болушу зарыл.

Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» аттуу мемориалдык комплекси 2010- жылы каргашалуу  “Ош окуясыныда” улуттар аралак кагылышууда шейит кеткен  мекендештерибиздин  элеси арнап тургузулган. Июнь окуясындагы болгон коогалаңга туш болгон  элдин арманы алигиче эстен кетпей келет.Мамлекеттик турак-жайлар талкаланып, үй-жайсыз калган жарандар, жакындарынан ажыраган аталардын арманы, кайгылуу күндү баштан кечирип, көз- жашын төккөн энелердин күйүтү эмдигиче басылбай келет. …