Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды

Бүгүнкү күндө Бишкекте 30дан ашуун үй тибиндеги бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Министрликтен белгилешкендей, күн мурун Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өтүп, анда аталган программанын алкагында түзүлүп жаткан үй тибиндеги бала бакчалардын билим берүү контентине, анын …

Ошто адам сатуунун алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Ош шаарынын мэриясында адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйын адам сатууга каршы аракеттенүү жана алдын алуу маселелери боюнча координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлүп, ага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, билим берүү, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары, ички иштер органдарынын, дин, чек ара, бажы кызматтарынын …

Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттеринин ичүүчү сууга төлөмү кайра эсептелди

«Бишкексууканал» башкармалыгы Арча-Бешик жаңы конушунун абоненттерине суунун жетишсиздигинен улам таза суу жана саркынды суулар үчүн кайра эсептөө жүргүздү. Муниципалитеттен билдиришкендей, 7066 абонент 2023-жылдын май айына кайра эсептөө менен квитанция алышкан. Жалпы саны 258 миң 845 абонентти түзөт. Анын ичинен 2,7% абонент кайра эсептелген. Ар бир айдын 1-күнүнөн 10-күнүнө чейин «Бишкексууканал» абоненттерге муздак суу берүү жана …

Жогорку Кеңеш Эдил Байсалов боюнча маселени карайт

Жогорку Кеңеш түштөн кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун маселесин карайт. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев жыйында билдирди. Ал президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары тууралуу сүйлөшкөнүн айтты. «Кайсы бир деңгээлде чечим бар. Түштөн кийин маселе парламенттин кароосуна киргизилди. Улам сөз кылып, маселе котөрүп, анын авторитетин көтөрүүнүн кереги жок”, — …

Мадумаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу чыкты

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу парламенттеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы билдирди. Убактылуу депутаттык комиссия Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген корутунду кабыл алган. Бул чечимге Гуля Кожокулова менен Фарходбек Алимжанов гана каршы чыкканы белгилүү болду. Бүгүн, 22-июнь күнү саат 13:30да …

Троллейбустардын каттамга чыкпаганынын себеби айтылды

21-июнь саат 20:00дөн кийин 5, 6, 11, 14- троллейбустук каттамдар жүрбөйт. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:30дан баштап Манас проспектиси-Киев көчөлөрүнүн жабылуусуна байланыштуу 2, 5, 6, 7, 11, 14- троллейбустук каттамдар убактылуу маал-маалы менен жүрбөйт. Белгилей кетсек, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанда  расмий сапар менен болот.

Бүгүн Бишкекте №11 жана №14 троллейбус каттамга чыкпай жарандар нааразы болду

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында №11 жана №14 троллейбустар линияга чыккан жок. Бул тууралуу  шаар тургундары  билдиришти. Маалыматка караганда, Манас проспектисиндеги аялдамаларда жүргүнчүлөр күндөгүдөн көп. «Бир сааттан бери троллейбус күтүп турабыз, келген жок. Жумушубузга кечиктик», — деп билдирди шаар тургуну. Шаар бийлиги троллейбустар эмне үчүн каттамга чыкпаганы боюнча расмий маалымат бере элек.

Бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу. 5 миңге жакын милиционер коопсуздукту камсыздайт

Бүтүрүүчүлөргө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана аттестаттарды тапшыруу аземинде республика боюнча 5 миңге жакын милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Ведомстводон билдиришкендей, милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринде кызмат өтөшөт, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлөт. ИИМ жалпы ата-энелер жана мугалимдерге кайрылып, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат. «Тилекке …

Кызын сабаган аялга сот өкүмү чыкты

20-июнда Дангара райондук соту өз баласын сабаган аялга карата  өкүм чыгарды. Холиса Шоева 35 миң сомони айып пул төлөйт же бир жыл эки ай колонияда жазасын өтөйт. Холиса Шоева 21-июнда «Озоди» радиосуна курган маегинде өкүмгө макул эместигин, бирок жогорку инстанцияларга кайрыла албай турганын билдирди. «Менин юристке акчам жок. Азыр кызым менсиз кыйналбашы үчүн акчаны кайдан, …

Баткен шаарында талапка жооп бербеген беш стоматологиялык борбор жабылды

Баткен шаарында талапка жооп бербеген беш стоматологиялык борбор жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, Баткендеги тиш дарылоочу жайлардагы лицензиялык талаптардын аткарылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 2023-жылдын январь айынан баштап 5 ай ичинде Баткен шаарындагы талапка жооп бербеген 5 жеке стоматологиялык борбор жабылды.