ТИМ кыргыз жарандарын Россия менен Украинанын чектеш аймактарына баруудан карманууну суранат

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын Украина менен чектеш аймактарында абалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарын бул аймактарга баруудан карманып турууну өтүнөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет. «Ошондой эле аталган аймактарда жашаган жарандарды коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. Кандайдыр бир муктаждык пайда болсо …

Бишкекте «Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов» аттуу маданий агартуу иш-чарасы өттү

Кечээ, 23-июнда КР Баатыры жана Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов» аталышындагы маданий агартуу иш-чарасы өттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, КР Балет …

Жер мунапысы. Ноокатта 103 жаранга кызыл китеп тапшырылды

Ноокат районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 103 жаранга турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китеп тапшырды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Ноокат районунун Төөлөс, Көк-Бел жана Гулистан айыл аймактарынын кезектеги 103 жаранынын жашап жаткан турак жайлары мамлекеттик каттоого алынып, жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтер, мамлекеттик актылары берилди. Документтерди президенттин Ош …

Кара-Суу шаарында сүт азыктарын чыгарган ишканадан өрт чыкты

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын Артыков көчөсүндө жайгашкан сүт азыктарын чыгаруучу ишканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 23:42да чектөөгө алынып, саат 00:45те толук өчүрүлгөн. Кырсык кучагына алган болжолдуу аянт 500 чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Такталган маалыматка ылайык, 23-июнда Оштун …

Кыргызстандагы 150дөй айылга өзгөчө макам берилет

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болду, анын күн тартибине 16 маселе коюлду. Акылбек Жапаров жыйынды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин күнү менен куттуктоодон баштады. Отурумда алгач Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү маселеси каралды. Документке ылайык 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам …

Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдар тууралуу чуулгандуу мыйзам долбоору каралат

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды. Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт, баяндамачы негизги демилгечи – Надира Нарматова. Эске салсак, Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап …

Эл аралык издөөдөгү эки жаран кармалды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол аркылуу издөө жарыялаган эки жарандын бири Испаниянын борбору Мадриддеги аэропорттон, экинчиси Орусиянын Новосибирск шаарындагы аба майдандан кармалганын билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстандын 1988-жылы туулган жаранына Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) тарабынан 2022-жылы издөө жарыяланган. Ал 140 миң доллар акчаны алдап алып, изин жашырып кеткен деп …

Эр эңиш боюнча курама команда дүйнө чемпионатына катышууда

Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама команданын мүчөлөрү Татарстанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 23-25-июнь күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: Жекшен Турдубеков (60 кг); Бактыгул Райхан уулу (70 кг); Калыбек Бузурманкул уулу (80 кг); Амантур Мунур уулу (90 кг); Күмүшбек Кыдыралиев (100 кг); Турдукул Абдрахманов (+100 кг). …

Кыргызстандыктар Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат – Эмгек министрлиги

Кыргызстандыктар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу Кувейтте мыйзамдуу иштей алышат. бул утуралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге 22-июнда Эмгек министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Кувейттин «Al Huqооq International Company» компаниясы кол коюшту. «Чет өлкөдө коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын алкагында министрликке …

«Бишкекасфальтсервис» ишканасы жумушчуларды издейт

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жумушчуларды издейт. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жумушчулардын айлыгы жумуштун көлөмүнө жараша, айына 25 миң сомдон жана андан жогору болот. Ошондой эле кошумча түшкү тамак каралган. Төмөнкү адистер талап кылынат: 20 жол мастери: • 18 жашка толгон кыргыз жараны; • тажрыйбасы жана көндүмдөрү бар кесипкөй жумушчулар; • жаман адаттарсыз; • так жана жоопкерчиликтүү; • …