ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын …

В Токио недовольны российским законом о Дне Победы над Японией

Генеральный секретарь правительства Японии Хирокадзу Мацуно утверждает, что принятый в России закон, устанавливающий 3 сентября как День Победы над милитаристской Японией и окончания Второй мировой войны, может якобы спровоцировать антияпонские настроения в России и антироссийские – в Японии. «Нам известно, что принят такой закон. По поводу прошедшей войны наша страна постоянно доводит до сведения России …

Төрага Нурланбек Шакиев Казакстанга расмий сапар менен барды

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды. Парламенттен билдиришкендей, расмий иш сапардын алкагында Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү …

Төрт күндөн кийин Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу башталат

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эске салды. Ал социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө бул долбоор жарыяланганда эч ким ишенген эместигин баса белгиледи. «Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат. Салыштырып айтып кетким …

Ош шаары Өзбекстан менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрөт

Ош шаарына Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын туризм башкармалыгынын жетекчилери, туристтик операторлор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти. Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, коңшу өлкөнүн делегациясы маалыматтык тур иш-чарасына катышуу үчүн келген. Конокторду президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу жана «Мундуз Турист» туристтик компаниясынын …

Ысык-Көлдөгү «Жалын» ден соолукту чыңдоо лагерине дагы 100 бала жөнөтүлдү

24-июнда Ысык-Көлдөгү «Жалын» ден соолукту чыңдоо лагерине экинчи турда 100 бала жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган лагер турмуштук оор кырдаалга кабылган, майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн уюштурулган. Буга чейин Эмгек министрлиги тарабынан ушул эле лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы эс алууга …

Бишкекте жол көрсөтүүчү белгилер орнотулду

Бишкектин Свердлов районунда алгачкы жол көрсөтүчү белгилер орнотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, жол көрсөткүчтөрү Чүй проспектиси — Гоголь көчөсүнүн жана Чүй проспектиси — 7-Апрель көчөсүнүн кесилиштерине орнотулду. «Жаңы белгилер атайын чагылдыруучу пленка менен капталган, анын аркасында белгилерди ар кандай аба ырайында көрүүгө болот. Белги үчүн фаралардын жарыгы жетиштүү», — деп айтылат маалыматта. Жол көрсөтүүчү белгилер демөөрчүлөрдүн эсебинен …

Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат

 Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленген. Белгилей кетсек, өлкөдө 28-июнда Курман айт майрамы белгиленет. Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. …

Ошто юристтер күнү белгиленди

Ошто юристтер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата футбол боюнча мелдеш өттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаардык муниципалдык мекеме-ишканалардын, уюмдардын, Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын, юстиция башкармалыгынын, сот жана көзөмөл органдарынын эмгек жааматтарынан 14 команда катышып, төмөнкүлөр байгелүү орундарга ээ болушту. Мелдештин жеңүүчүлөрү: 1 — Ош облусунун ички иштер …

Ала-Тоо аянтында Аскер институтунун офицерлеринин бүтүрүү салтанаты өттү.

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында К.Усенбеков атындагы Куралдуу күчтѳрдүн Аскер институтунун жаш офицерлеринин бүтүрүү салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаш офицерлерди жашоосундагы маанилүү учур менен куттуктоо үчүн мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Куралдуу күчтѳрдүн ардагерлери, ошондой эле бүтүрүүчүлѳрдүн туугандары жана жакындары …