Жаңылыктар

Ошто юристтер күнү белгиленди

Ошто юристтер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата футбол боюнча мелдеш өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаардык муниципалдык мекеме-ишканалардын, уюмдардын, Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын, юстиция башкармалыгынын, сот жана көзөмөл органдарынын эмгек жааматтарынан 14 команда катышып, төмөнкүлөр байгелүү орундарга ээ болушту.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

  • 1 — Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын командасы;
  • 2 — Ош шаарынын мэриясынын командасы;
  • 3 — Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын командасы.

Бүйүр кызыткан спорттук иш-чара Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын региондор аралык башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *