Жаңылыктар

Бишкекте жол көрсөтүүчү белгилер орнотулду

Бишкектин Свердлов районунда алгачкы жол көрсөтүчү белгилер орнотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол көрсөткүчтөрү Чүй проспектиси — Гоголь көчөсүнүн жана Чүй проспектиси — 7-Апрель көчөсүнүн кесилиштерине орнотулду.

«Жаңы белгилер атайын чагылдыруучу пленка менен капталган, анын аркасында белгилерди ар кандай аба ырайында көрүүгө болот. Белги үчүн фаралардын жарыгы жетиштүү», — деп айтылат маалыматта.

Жол көрсөтүүчү белгилер демөөрчүлөрдүн эсебинен Свердлов райондук администрациясынын колдоосу менен орнотулду.

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *