Курал-жарак дүкөнүнө кол салууга айыпталган Өзбекстандын жараны 15 жылга соттолду

6-июнда Чымкент соту Өзбекстандын жараны Еркинжон Исмоиловду 15 жылга эркинен ажыратты. Ал «Адам өлтүрүү», «Мыйзамсыз курал сактоо» жана «Коркутуп курал-жаракты тартып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды. Сотто 50 жаштагы Исмоилов жабырлануучулардан кечирим сурап, күнөөсүн толук мойнуна аларын билдирди. Прокурордун версиясына ылайык, Исмоилов шериктери менен бирге аңчылык куралга жана анын ок-дарыларына мыйзамсыз ээлик кылып, аларды …

Өзбекстанда 13 жаштагы кызды зордуктаган балдар үйүнүн башчысы соттолду

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда өз үйүндө балдар үйүн уюштурган 52 жаштагы тургун 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал үйдүн 13 жаштагы тарбиялануучусун зордуктоого күнөөлүү деп табылды. «Газета.уз» сайты кабарлагандай, мындай чечимди Чиракчин райондук соту 6-июнда чыгарды. Бул иш боюнча эки ай мурда башталган сот отурумдарынын баары жабык түрдө өткөн. Жогорку соттон белгилешкендей, «Эрезеге жете элек кызды зордуктоо» …

Күч кызматкерлери «Манас» аэропортунда кармоо жүргүзгөн

Бүгүн, 7-июнда саат 05:10до күч кызматкерлери «Манас» аэропортунан бир нече адамды кармашты. Бул тууралуу видеону Kaktus.media сайты жарыялады. Видеодо камуфляждык формачан жана курал-жарактары менен укук коргоо кызматкерлерин жана бир нече адамдын жерде жатканын көрүүгө болот.

Абактан качкан шектүү адам кармалды

Убактылуу кармоочу жайдан качкан Кушубек Сабыров кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы Сабыров бүгүн Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен колго түшкөн. Белгилей кетсек, Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну Кушубек Сабыров 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен. Сабыров КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси …

Аскер институтунун курсанттары жогорулатылган стипендия ала баштады

Үстүздөгү жылдын 17-апрелинен тарта Аскер институтунун курсанттары жогорулатылган стипендияларды ала баштады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Министрликтен белгилешкендей, буга чейин курсанттар 500 сом алса, учурда окууда жетишкендиктерине жараша 4000 сомдон 8500 сомго чейин алышууда.

Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн суу берүү токтотулат. Бул тууралуу «Бишкек суу канал ишканасынан» билдиришти. Маалыматка ылайык, бул аргасыз чара, анткени борбор калааны туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн суу сактагычтарды толтуруу зарыл. «Бишкек шаарынын түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле «Ынтымак» жана «Ала-Арча» конуштарында ичүүчү сууну берүү кечки 23:00дөн таңкы 06:00гө чейин токтотулат», …

Сутка ичинде куткаруучулар батирден эки адамдын сөөгүн табышты

Сутка ичинде куткаруучулар батирден эки адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 52 жаштагы З.Д. аттуу эркек кишинин сөөгүн табышкан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди. Ошондой эле ӨКМдин куткаруучулары тарабынан Токмок шаарындагы Шамшы көчөсүндө жайгашкан көп …

Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз курулган объектилерди алуу уланууда

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган проспектте жалпы аянты 15 чарчы метрди түзгөн өз билемдик менен орнотулган кирүүчү 3 эшик алынды. Ошондой эле эскертүү баракчасы берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ыктыярдуу түрдө жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн 2 объект буздурулуп, 6 чарчы метр болгон күркө алынды.

«Айыл банк» дыйкандарга 10,4 млрд сомдук айыл чарба техникасын лизингге берди

Азыркы учурда айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө 10,5 млрд сомго 5 миң 54 бирдик техника берилди. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, «Айыл банк» ААК аркылуу республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын бардык түрлөрү жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилет.

Бишкекте Садыр Жапаров менен Катар Эмиринин расмий жолугушуу аземи башталды

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти  Садыр Жапаров менен өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен келген Катар Мамлекетинин  Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин менен жолугушуу аземи башталды. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ,мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип,Ардак кароол тизилип ,килемдер төшөлдү.Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Катар менен Кыргызстандын гимни жаңырды.Эки өлкөнүн лидерлери …