Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун тургуну диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-июнда УКМК тарабынан “Йакын-Инкар” диний уюмунун тарапташы, Кара-Кулжа районунун Кеңеш айыл аймагынын тургуну Ж.у.А. менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлүп, аталган кыймылдын Кыргыстандын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага ылайык мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы …
