Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” рейди уланууда

Жалал-Абад шаарында “Селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд уланууда. Шаардык мэриядан билдиришкендей, 13-июнда башталган рейдге вице-мэр Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, аймактык башкармалыктардын башчылары катышууда. Рейддин алкагында шаар көчөлөрүндө, базарларда тилемчилик кылгандардын жашаган үйлөрү текшерилип, эки лөлү тектүү жаран туруктуу жашаган аймагына кайтарылды. Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер. Буга чейинки …

«Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат?». Депутат Маданият министринин ишин сындады

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдөгү маданий мекемелердин абалын сындады. Токторбаев өлкө боюнча 1068 китепкана болсо, анын 202си оңдолуп, 8 млн 744 миң сом бөлүнгөнүн, ар бирине 43 миң сомдон туура келгенин, бирок бул сумма өтө аз экенин айтып, мекемелерди оңдоо үчүн бюджет талап кылууну, өкмөт башчыга, депутаттарга кайрылууну сунуштады. «Мен билем, филармонияда …

Бишкекте маршрутканын айдоочусу эс-учун жоготуп, мамыны сүзгөн. Жети адам жабыркады

Бүгүн Бишкекте Манас проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде №132 маршрутканын айдоочусу мамыны сүзгөн. “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча, айдоочу өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Маршрутка жолдон чыгып кетип, мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Кыргызавтожол» ишканасынын директорунун орун басары дайындалды

Адилет Абдирешов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Анын кызматка дайындалышы жөнүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун тиешелүү буйругу чыккан. Буга чейин ал «Кыргызавтожол» ишканасынын Чүй филиалынын №958 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси болуп иштеген.

Орусияда “тыңчы” тизмесине былтыр 188 адам жана уюм киргизилген

2022-жылы Орусиянын Юстиция министрлиги 188 адамды жана уюмду чет элдик агент деп таап, “тыңчы” тобуна киргизген. Былтыр декабрь айында эле “чет элдик агенттер менен байланышы бар” деген тизмеге 861 киши кошулган. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматы жазды. “ОВД-Инфо” басылмасы чет элдик агент деп таанылгандардын көбөйүшүн Орусиянын бийлиги тууралуу терс маалыматтардын көбөйүшү жана Украинадагы согуш менен …

Бишкектин Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоодо

 Бишкектин Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоодо. Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери аталган көчөнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү. Ушундай эле жумуштар Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө жүргүзүлөт. Бул объектиде бригада эски асфальтты алып, жол жээктерин орнотуп, мындан ары асфальттоо үчүн жолду даярдоо иштери жүргүзүүдө. 10 күндүн ичинде асфальт-бетон аралашмасын төшөө …

ИИМ: Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган компанияга кылмыш иши козголду

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстандын кыргызстандын аймагында куралдуу кол салуусу учурунда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясына мыйзамдуу чара …

Маданият министрлиги Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык аткаруучу Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө. Бул тууралуу министр Алтынбек Максутов бүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди. Депутат Алишер Козуев чет элдик аткаруучулардын концертин министрлик көзөмөлдөп жатабы деп, рэп аткаруучу Моргенштерндин алдыда боло турчу концертине нааразычылыгын билдирди. «Биз уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз сиздер …

Соцфонд Түркия менен пенсия боюнча келишимдин аткарылышы тууралуу маалымат берди

 Эки тараптуу келишим күчүнө киргенден бери түрк тарап Түркияда жашаган кыргызстандыктардын иш стажы тууралуу Кыргызстанга 159 суроо-талап жөнөткөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Ведомтсводон белгилешкендей, учурда 154 суроо-талап иштелип чыгып, аларга тиешелүү жооптор берилди. Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Түркия Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө …

Бишкекте 150 млн долларга фармзавод жана биолаборатория курулат

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын территориясына инсулин жана дары-дармек чыгарган завод курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «BIOPHARMAX» компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев билдирди. Анын айтымында, учурда КР министрлер кабинети тарабынан жер бөлүнүп берилди. “Бугүнкү күндө биз курулушту баштоого даярбыз. Долбоор эл аралык стандартка туура келген кампанын курулушу менен башталат. Мындай кампа Кыргызстанда …