Суд Бразилии лишил экс-президента Бразилии Жаира Болсонару права избираться до 2030 года, сообщил новостной портал UOL по итогам голосования. «Высший избирательный суд пятью голосами «за» и двумя «против» лишил Болсонару участвовать в выборах до 2030 года», — отмечает СМИ. Таким образом, экс-глава государства не сможет выставить свою кандидатуру на выборах президента в 2026 году. Болсонару …
Дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн
Үстүбүздөгү жылдын 3-6-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидромет борбору билдирет. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз кезегинде сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.
Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган
Кыргызстанда 24нөн 30-июнга чейинки аралыкта 19 миң 207 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, алардын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 197; мас абалында рулга отуруу — 197; автунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 972; транспорт …
Сот №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды
Бишкектин Биринчи май райондук соту №61 мектептин мурдагы директору Юрий Низовскийге карата өкүм чыгарды. «Соттун чечими менен №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин мурдагы директору Юрий Низовский Т.А. аттуу мугалимден 400 доллар жана А.А. аттуу ата-энеден 10 миң сом өлчөмүндө сый акы алганы аныкталбагандыгына байланыштуу күнөөсүз деп табылды», — деп айтылат соттун маалыматында. Бирок, Юрий …
«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 1-этабындагы башкы байгелердин жеңүүчүлөрү — тизме
1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулду. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды. Утушка «Салык чек» тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID- номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты. Жеңүүчүлөр …
Бишкекти өнүктүрүү агенттиги менен Жогорку технологиялар паркы меморандумга кол койду
Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен Жогорку технологиялар паркы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров күн мурун шаарды өнүктүрүү агенттигинин жетекчилигин парктын дирекциясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, презентациясы өткөрдү. Презентацияда өнүгүү программалары, иштин натыйжалары, иш-чаралардын түрлөрү, анын ичинде IT-билим берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча маалыматтар …
Нарын районундагы Сары-Ойдо айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди
Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылында жаңы мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Мечиттин ачылышына Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркин Өмүрзаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана айыл тургундары катышты. Климаты катаал келген Нарын районуна салынган мечиттин ички, сырткы жылуулугуна, кынаптап кооз салынганына айыл тургундары жогорку …
Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды
Ошто жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 27 жаштагы А.у.К. жана 28 жаштагы Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деген коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө …
3-июлга карата күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору бүгүн, 3-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым …
Сокулукта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды
Сокулукта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Төрткүл жана Студенческий айылдарынын ортосунан агып өткөн Ат-Башы каналынан болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылган. Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.