Жаңылыктар

Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды

Бишкекте каналдан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аялдын сөөгү борбор калаанын Шабдан Баатыр проспектиси менен Муктар Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде каналдан табылган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан маркумдун өздүгү такталууда.

Жаңылыктар

11-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору 11-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык аймагында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында …

Жаңылыктар

Нарында изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

 Ат-Башыда аты табылып, өзү дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, маркумдун сөөгү Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү мурап Өмкө каналынан табылган. Куткаруучулар 21 жаштагы Э. уулу А. жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти Белгилей кетсек, аталган тургун ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, …

Жаңылыктар

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-июлда саат 10:00дөн 13:00гө чейин оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу шаардын Акбаров, Сарчибаев, Тургенов, Белинский, Чкалов, Осмонов, Достоевский , Чехов, Калинина , Глинка, Толстой, Горький, Мичурин, Пушкин, Садовая, Разина, Абдушаитов, Фрунзе, Базарбаев, Шопоков, Пугачев, Рабочая, Киров, Беденный, Эркиндик, Бабкина, Москва, Чутская, …

Жаңылыктар

Жалал-Абаддагы «Алтын балалык» лагеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алынды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү адистер менен биргеликте Сузак районунун Кара-Алма айылындагы «Алтын балалык» лагеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, 100 балага ылайыкташкан лагерде учурда Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 7 жаштан 14 жашка чейинки 75 бала эс алууда. Лагердеги шарт-жагдай эл өкүлдөрү тарабынан канааттандырарлык деп табылып, алдыда заманбап коттедждерди …

Жаңылыктар

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Бүгүн Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Дипломатиялык миссиянын ачылышы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү. Буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн Жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси кылып дайындаган. Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын …

Жаңылыктар

Ошто Алай көчөсүндөгү жол жана ага чектеш көчө оңдолууда

Ошто Алай көчөсүндөгү жолду жана ага чектеш көчөнү оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Мында, жолду оңдоп-түзөөдөн тышкары, тиешелүү кызматтар тарабынан таштандыларды ылгоолочу контейнерлерди орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын сырдоо, инженердик тармактарды өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилкедеги жолдун жалпы узундугу 700 метрди түзөт. Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Алай көчөсүндөгү жолду асфальттоо боюнча жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен …

Жаңылыктар

Чаткалда 37 жаштагы жаранга сегиз жолу ок атылган

Чаткал районунда 37 жаштагы Ж.С., аттуу жаранга сегиз жолу ок атылып, райондук ооруканага жаткырылган. Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, 2023-жылдын 7-июлунда болжол менен 14:30 чамасында Чаткал районунун 30 жаштагы С.Ж., аттуу тургуну жанында алып жүргөн ок атуучу куралы менен 1985-жылы туулган Ж.С., аттуу жаранды бир нече жолу атып жиберген. Бул окуя Чаткал РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына …

Жаңылыктар

Казакстанда эки киши кененин уусунан каза болду

Кызылорда облусунда кене чаккан эки адам Конго-Крым геморрагиялык ысытмасынын курмандыгы болду. Бул тууралуу «Хабар 24» билдирди. Жаңыкорган районунун 77 жаштагы тургуну жана Шиели районунун 51 жаштагы тургуну оор абалда ооруканага жеткирилген. Бейтаптар реанимацияда каза болушкан. «Ар бир учурду каттоодо жеке менчик аймактарды, короолорду жана жаныбарларды 12 сааттын ичинде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бардык байланышта болгон адамдар …

Жаңылыктар

Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте велосипедченди сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кырсык 7-июль күнү саат 17.12лер чамасында болгон. Айдоочу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен бара жатып көпүрөнүн астынан өтүп бара жаткан 17 жаштагы велосипедчен А.Аны сүзүп кеткен. Жабырлануучуга жардам бербестен, адам окуя болгон жерден кетип калган. «Жол кырсыгына шектелип Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын …