Жээнбеков Сооронбай Шарипович (1958 ,16-ноябрь) Кыргызстандык мамлекеттик жана саясий ишмеи, мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
Өмүр баяны
Сооронбай Жээнбеков 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара -Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылында туулган.
Билими:
К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, экономист.
Эмгек жолу:
- 1976-жылы - Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим
- 1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент
- 1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник
- 1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору
- 1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору
- 1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы
- 1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы
- 2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары
- 2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага
- 2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитети, төрагасы
- 2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри
- 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер
- 2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу
- 2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
- 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору
- 2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары
- 2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
- 2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.
- 2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын 54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматын аткарган жылдары : 24.11.2017-15.10.2020
Сыйлыктары
- «Айыл чарба жумушунун татыктуу ишкери»
- "Даңк медалы"(2011)
- III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган (2015)