Алмазбек Шаршенович Атамбаев — Кыргыз Республикасынын саясий жана мамлекеттик ишмери (17-сентябрь 1956-жылы). 1999-жылдын  30- январынан , 2011-жылдын 30-сентябрына чейин  Кыргызстан Социал_Демократиялык партиясын жетектеген. 2007-жылдын 29- мартынан,  2007-жылдын 28- ноябрына чейин жана 2010-жылдын 17-декабрынан 2010-жылдын 1-дебарына чейин Кыргызстандын премьер-министрилигин аркалаган. 2011-жылдан  2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын президенти болуп кызмат өтөгөн.

Өмүр баяны

Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 1956-жылы 17-сентябрда туулган.
1980-жылы Москва шаарындагы Башкаруу институтун (азыркы Россия Башкаруу Академиясы) бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-экономист, өндүрүштү башкарууну уюштуруучу.
Эмгек жолун 1980-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигинде инженер болуп иштөө менен баштаган.
1981–1983-жж. ДУ-4түн башкы инженери,
1987-жылга чейин Кыргыз ССРинин  Республикасынын Жогорку Кеөешинин Президиумунда жооптуу кызматтарда эмгектенген.
1987–1989-жж. Мурунку Фрунзе  шаарындагы эл депутаттарынын Биринчи май райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болгон.
1989-жылдан баштап «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасын уюштуруп, жетектей баштаган.
1977–1999-жж. «Кыргызавтомаш» АКсынын башкы директору болуп эмгектенген.
1999-жылдан Бишкек шаарындагы бир нече ири заводдордун, алардын базасында уюшулган биргелешкен ишканалардын башын кошкон «Форум» (2004-жылдан баштап «Кыргызавтомаш» корпорациясы) өндүрүштүк тобунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайланган. Бир эле учурда «Кыргызавтомаш» АКсынын, «КТИ Агромаш» АКсынын директорлор кеңешин жетектеген.
1995–2000-жж. Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Президенттикке талапкер катары катышкан.
2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри болгон.
2007-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп эмгектенген.
2011-жылдан  2017-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти.

1983-жылдан СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, 1991-жылы Кыргыз жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп шайланган. Коомдук башталышта ушул кезге чейин Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондусунун төрагасы болуп саналат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы болгон.
Республикабыздын өнөржай өндүрүшүн өнүктүрүүгө кошкон  салымы үчүн 1999-жылы «Даңк» медалы, 2007-жылы «Данакер» ордени менен сыйланган.
2011-жылы 30-октябрда болгон Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосунда, президенттикке койгон талапкерлердин арасынан  биринчи орунду алып,2017- жылга чейин президенттик кызматты аркалаган.