Өмүр баяны

Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда  Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында туулган.
1968-жылы - Ленинград Так Механика жана Оптика Институтун ийгиликтүү бүтүп, аспирантурага тапшырган.
1980-жылы - Москвадагы Инженер-Физика Институтунда доктор диссертациасын жактаган.
1984-жылы - Кыргызстандын Илимий Академиясын мүчө-корреспонденты болуп шайланган. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Илимий Академиясынын академиги болгон. Аскар Акаев - профессор, Орусия Илимий Академиясынын ардактуу доктору жана чет өлкөлүк мүчөсү. 7 ойлоп чыгаруусунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин ээси.   
1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин президенти болуп шайланган.

1995-жылы 24 - декабрда Аскар Акаев өлкө президентинин экинчи мөөнөтүнө дагы бир ирет  шайланган.Кыргызстандын  шайлоочулары 70 пайыздан жогорку көрсөткүч менен колдошкон.
2005-жылы 24 - мартта бийликке нааразы болгон  элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болгон.
2005-жылы 5-апрелде Аскар Акаев   президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арыз жазып берген.2005-жылы 11-апрелде  Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттар курамы  Аскар Акаевди  президенттик кызматтан четтетүү ишин мыйзам түрүндө кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын ТИМдин (тышкы иштердин министирлигинин) маалыматтары боюнча Аскар Акаев Москва  Мамлекеттик Университетинде, И.Р.Пригожин атындагы, Институтунун башкы илимий эмгектеш катары профессор даражасы менен  билим берүү жаатында иштеп жүрөт.
2006-жылы Бугу айы - маалыматты оптикалык жолу менен иштеп чыгуу тармагындагы көрүнүктү изилдөөлөр үчүн Орусыя Илимий Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү катары шайланылды.
2009-жылы - "Дүйнөлүк динамикасын системалык анализи жана математикалык модельдөө" програмасынын Орусыя Илимий Академиясынын президиумунун координатору.

Эмгектери

  • Когерентные оптические вычислительные машины (автордошуп, Ленинград, 1977),
  • Оптические методы обработки информации (автордошуп, М., 1983);
  • Голографиялык эс тутум (англисче, автордошуп), АКШ, 1997 (Holographic Memory. New York, NY: Allerton Press, 1997);
  • Избранные лекции по оптическим компьютерам" (автордошуп), Бишкек, 1996;
  • Рельефография (автордошуп), Бишкек, 1996.
  • Переходная экономика глазами физика (математическая модель переходной экономики). Бишкек: Учкун, 2000;