Жаңылыктар

26-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 26-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Талас облусунда +33…+38, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл облусунда +29…+34, Нарын облусунда +30…+35 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +37…+39 градуска жетет

Вам также может понравиться...

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *